Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 5
Падаван айылындагы жаны элдик конуштун көчөсүн атын атоо жөнүндө
Падаван айылынын жаны элдик конуштун көчөсүнө , айылдын тургундарынын арызын карап жана талкуулап, Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Падаван айылынын жаны элдик конуштун көчөсү, эмгектин ардагери айылдын тургуну, колхоздук өндүрүшкө өзүнүн көп жылдык үзүрлүү эмгеги менен салымын кошкон , маркум Марифжан Тургунов атанын ысымы менен аталсын.
2. Көчөнүн аталышы жана аны тартипке келтирүү, ондоо менен байланышкан уюштуруучулук жумуштар М. Тургуновдун балдары жана жакындары тарабынан жүргүзүлүшү белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылынын айыл башчысы Х. Балтабаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |