Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 2
Шарк айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программалары боюнча ички жана тышкы инвестицияларды таратуу менен иштөө, өкмөттүк эмес жана жамааттык уюмдардын алып барган иштеринин абалы жөнүндө
2015-жылда айылдын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программалыры боюнча ички жана тышкы инвестицияларды тартуу менен иштөө , өкмөттүк эмес жана жамаатык уюмдардын алып карап иштеринин абалын карап жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын соцталдык-экономикалык өнүгүү программалары айрыкча тышкы инвестицияларды тартуу багытында өткөн жылга салыштырмалуу иш-аракеттер жасалгандыгы жана ошого карабастан өкмөттүк эмес жана жамаатык уюмдардын бул багыттагы ишмердүүлүгү дагы эле болсо жетишсиз экендиги белгиленсин.
2. Айылды өнүктүрүү программалыры үчүн айрыкча тышкы ишвестицияларыды тартуу боюнча ишмердүүлүгүн күчөтүүнүн анык иш-чараларын иштеп чыгуу багытында уюштуруучулук иштерди алып баруу айыл башчыларга жана Шарк айылдык аймагынын башчысынын орун басары А. Акматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |