Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 5
Шарк айылдык аймагынын муниципиалдык менчигиндеги жер аянты үчүн ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Медресе, Ташлак жана Фуркат айылдарынын тургундарынын кайрылуусуна ылаыйк таза ичимдик суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында Ташлак айылында суу тазалоочу курулма куруу үчүн берилген айыл өкмөттүн муниципиалдык менчигинде 0,05 га айыл чарба багытындагы эмес жер аянты үчүн, СООППВ «Эрахабор» суу менен камсыз кылуучу уюмду ижара акы төлөөдөн бошотууну карап жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Медресе, Фуркат жана Ташлак айылдарынын эллин таза ичимдик суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында Ташлак айылында суу тазалоочу курулма күрүү үчүн бөлүп берилген 0,05 га айыл чарба багытындагы эмес жер аянты муниципиалдык менчикте жана ичимдик суу жалпы пайдаланууда болгондуктан таза суу менен камсыз кылуучу СООППВ «Эрахабор» уюму бөлүп берилген жер аянтынын ижара акысынан бошотулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин "Бюджет, муниципиалдык менчик жана финансы-экономикалык өнүгүү" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |