Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 6
Атуулдарга жеке менчик турак-жай куруу үчүн «Ачы» Массивинен «Калктуу конуштардын жерлери» котегориясына которулган жайыт жер аянтынын бар бөлүгүн Шил-били участкасына которуу жөнүндө
Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 15.02.2011-жылдагы № 331, № 332 токтомдорунун негизинде депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин 28.02.2011-жылдагы № 13.18 токтому менен айылдын инфроструктурасын өнүктүрүү, атуулдарды турак жай менен камсыз кылуу максатында «Ачы» массивинен өзгөчө баалуу жерлерге кирбеген категориядагы «Калктуу конуштардын жерлери» катергориясына которулган 160,0 га жайыт жер аянты эсебинен шартка жараша 20,0 га жерди турак жай куруу үчүн Шил-били усаткасына которууну карап жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык аймагынын «Ачы» массивинен атуулдарга турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү максатында өзгөчө баалуу жерлерге кирбеген категориядагы жайыт жерлерден «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулган 160,0 га жер аянты эсебинен 20,0 га жер аянты айыл тургундарыгна, турак жай курууга жер тилдкелерин бөлүп берүү үчүн Шил-били участкасына которулсун.
2. Ушул токтомду ишке ашыруу жана бул боюнча тийиштүү иш кагаздарды кароо жагы Шарк айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин «Жер, агрардык реформа, соода, курулуш жана байланыш» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |