Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-октябры № 2
Шарк айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айыл аймагынын тургундарынын дарыланууга жана турак жайы өрттөлүп кеткендиктен материалдык жардам кайрылууларын канааттандыруу үчүн жана социалдык көйгөйлүү иш-чараларды каржылоого Шарк айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин тийиштүү бөлүм жана беренелеринде каражат жок болгодуктан, Падаван айылындагы “Хайитбаев” көчөсүнө асфальт төшөө үчүн каралган 400,0 миң сом акча каражаты иштетилбей калгандыктан, аны жогорууда аталган максаттарга пайдалануу үчүн бюджетке өзгөртүү киргизүүнү карап жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин 70629- Турак жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн 31113320-курулмаларды оңдоо статьясында каралган 400,0 миң сом акча каражаты төмөнкү бөлүм жана беренелерге которулсун.
А) 71092- Социалдык коргоо боюнча тармагынын 27213100-Социалдык төлөмдөр беренесине 70,0 миң сом;
Б) 70911-мектепке чейинки билим берүү тармагынын 22241100-беренесине 35,0 миң сом көмүр сатып алуу үчүн;
В) 70629-бөлүмүнүн 22154900-ар түрдүү чыгашалар беренесине 70,0 миң сом;
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин “Бюджет, муниципалдык менчик жана финансылык өнүгүү” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |