Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-октябры № 4
Айыл тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Маданият айылынын тургуну Д. Ахуновдун Шарк айыл өкмөтүнүн 22.10.2014-жылдагы № 40 токтомунун негизенде, 22.10.2014-жылда түзүлгөн № 25 келишимге ылайык өзүнүн ижара шартында пайдалануусундагы Нариман-Ташлак жолунун боюнда, “Ак-Дөбө” каналынын жээгиндеги 0,12 га айыл чарба багытындагы эмес жер аянтына калкка күндөлүк керектелүүчү товарлардын соода түйүнүн жана тамактанып эс алуучу жай ачууга уруксат берүүнү сураган арызын карап жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында ишкердикти өнүктүрүү, жаңы жумушчу орундарын түзүү, калкка кызмат кылууну жакшыртуу жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешесин өстүрүү максатында, Маданият айылынын тургуну Ахунов Даниярга, ижара шартында өзүнүн пайдалануусундагы 0,12 га айыл чарба багытындагы эмес жер аянтына жеңил типтеги жабык (теневой навес) куруп жана коюп күндөлүк керектелүүчү товарлардын соода түйүнүн жана тамактанып эс алуучу жай ачууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Шарк айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин “Жер, агрардык реформа жана курулуш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |