ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезексиз XIX сессиясы
2015-жылдын 17-октябры № 5
Муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын 17-беренесине таянуу менен муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата аларды сыйлоону карап жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматкерлердин октябрь айынын аягында белгиленүүчү күнүнө карата Шарк айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине бир айлык эмгек акы эсебинде акчалай сыйлык берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин “Бюджет, муниципалдык менчик жана финансылык өнүгүү” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |