Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-декабры № 1
Шарк айылдык аймагынын башчысы А. Жолдошевдин 2015-жылдын жыйынтыктары боюнча отчету жөнүндө
Айыл аймагынын социалдык–экономикалык онугуусу боюнча Шарк айыл өкмөтүнүн ишмердүүлугүнүн 2015-жылдагы жыйынтыктарын карап жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык аймагынын башчысынын 2015-жылдын жыйынтыктары боюнча отчету негизинен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөттүн 2015-жылдагы ишмердүүлугүндө өнөр жай-айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө,бюджеттин киреше бөлүгунун аткарууда жана социалдык–маданий маселелерди чечуудо бир топ талашсыз ийгиликтер жаралгандыгы, менен биргеликте кээ бир кемчилдиктерге жол коюлгандыгы жана мындан ары жоюу боюнча конкреттүү иш-чараларды көрүү зарылчылыгы белгиленсин.
3. Кийинки жылдарда мамлекеттин түштүк регионунда табыгый кырсыктын кесепеттеринен кыйроолор көп болуп жаткандыгын эске алуу айыл өкмөттүн 2015-жылга жергиликттүү бюджетин бекитуудо өзгөчө кырдаалдарды жоюуга 1,5млн.сом ,андан тышкары материалдык жардамдар үчүн жылдагыга салыштырмалуу көбүрөөк каражат бөлүү булактарын табуу, ошондой эле мугалимдер күнүн дагы эске алуу айыл өкмөткө тапшырылсын .
4. Айыл аймагындагы жол бойлорунда курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштарга тыюу салу боюнча Кара-суу райондук архитектура жана, шаар куруу, ошондой мамкаттоо башкармалыктары менен биргеликте иш жүргүзүү жер маселелери боюнча башкы адис Т. Тезекбаевке жүктөлсүн
5. Курамына айылдык кеңештин деутаттары ,айыл башчылары ,дыйкан чарба башчылары жана башка тийиштүү адистер кирген камиссия түзүп, жеке менчик үй салуу үчүн алынган улуш жерлердин башка контурларга которулушун айылдар боюнча тактоо айыл өкмөткө жүктөлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |