Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-декабры № 3
“Таздар” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору М. Усмановдун каршы билдирүүсү жөнүндө
Ташлак айылында Ош–Памир жолунун боюнда айыл чарба багытындагы эмес.955,0 чарчы метр жер аянтын убактылуу пайдаланууга Шарк айыл окмотунун 03.05.2012-жылдагы № 88токтомунун негизинде ижарага алган “Таздар ”ЖЧкнун директору М. Усманов ижара акысын толоого каражаты жетишпегендиктен ижара келишимин ижара мөөнөтүнө чейин токтотууну сураган каршы билдирүүсүн карап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таздар” жоопкерчилиги чектелген коомнунун директору М. Усмановдон Ош-Памир жолунун боюнда айыл чарба багытындагы эмес, убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берилген 955,0 чарчы метр жер аянты үчүүн ижара келишимин бузгандиги үчүүн аталган жераянты кайтарып алынсын .
2. Токтомду ишке ашыруу Шарк айыл өкмөтүнө жүктөтүлсүн .
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк аылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Салиев |