Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-декабры № 4
Шарк айылдык аймагынын Ташлак айылындагы Ош-Мал базары жөнүндө
Айыл аймагындагы жеке менчик Ош-мал базары өзүнүн ишмердүүлугүн багытын өзгөртүп, анын жерине социалдык курулушу каралгандыгына байланыштуу жана элдин суроо-талабын эске алуу менен мал базар башка жерге которуп, Шарк айыл аймагынын муниципиалдык менчиги катарында уюштуруп ачууну карап жана талкулап Шарк айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык аймагынын Ташлак айылында жайгашкан Ош-Мал базары өзүнүн ишмердүүлугүн багытын өзгөртүп ал жерге социалдык объект куруу каралгандыгына байланыштуу мал базар ошол эле айылдагы кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги № 788 контурда муниципиалдык менчиктеги, Шарк айыл өкмөтүнүн балансында турган болуп ачылсын .
2. Шарк айыл аймагынын муниципиалдык менчигинде болгон мал базар ачуу үчүн Ташлак айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун эсепиндеги № 788 контурдан 3,0га айыл чарба багытындагы жер аянты болуп берилсин .
3. Муниципиалдык менчиктеги мал базар үчүн кайра болуштуруу фондунун эсебиндеги № 788 контурдан болуп берилген, айыл чарба багытындагы жерлер категориясында 3,0га жер аянтынын багытын өзгөртүп, онор жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер категориясына которуу жагын тийиштүү жогорку органдардан суралсын .
4. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо Шарк аылдык кеңешинин жер, агрардык реформа жана курулуш боюнча туруктуу камиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |