Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-марты № 131
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы жөнүндө
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 5-шайланган 22-сессиясынын күн тартибине киргизилген Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа иштери боюнча жүргүзүп жаткан иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы жеке менчик тракторлорду тургундардын айдоо жерлерин өз убагында айдап берүү үчүн техникалардын ремонттуна жакындан көмөк көрсөтүү жана мамлекет тарабынан берилип жаткан жер семирткичтерди алууга уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Акматалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп туруу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бакирова |