Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-февралы № 5
Жекенди айылдык аймагынын Тажик Республикасы менен чектешкен чек арасын кароо жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын Тажик Республикасы менен чектешкен чек арасын тактоо боюнча элдик жыйындын протоколу эске алынсын.
2. Жекенди айылдык аймагынын Тажик Республикасы менен чектешкен жери Унжу-Булак суусу жана Тескей жагы Караганды-Сай суусунан болуп белгиленсин.
3. Ушул коюлган чекти тактап берүү жагы Кыргыз Республикасынын чек ара маселелери боюнча Өкмөттүк комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо. кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | З. Амирбеков |