Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 16\1
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын бешинчи чакырылышынын он алтынчы сессиясына чакыруу жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарынын бешинчи чакырылышынын он алтынчы сессиясына 2016-жылдын 24-февраль күнү, саат 11-00 гө айылдык аймагынын кеңешме залына чакырылсын.
2. Сессиянын к үн тартибине төмөнкү маселелер коюлсун:
1-маселе: Жекенди айылдык аймагынын башчысы Н. Акматовдун 2015-жылда аткарган иштери боюнча отчету.
2-маселе: Жекенди айылдык аймагынын жана айылдык кеңештин иш планын бекитүү жөнүндө.
3-маселе: Жекенди айылдык аймагынын 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттарынын аткарылышын жана 2016-жылга бюджетинин планын бекитүү жөнүндө.
4-маселе: Жекенди айылдык аймагында жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин планын бекитүү жөнүндө.
5-маселе: Ар түрдүү маселелер.
3. Сессияга Жекенди айылдык кеңешинин депутаттары, мекеме жетекчилери, аппарат кызматкерлери чакырылсын.
Төрага | З. Амирбеков |