Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 16/6
Жекенди айылдык аймагынын 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн кабыл алуу жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 12383,0 сомго, анын ичинен 3568,9 сом өздүк киреше, 8814,1 сом толуктоочу грант, атайын эсеп 302,0 сом болуп бекитилсин.
2. Жекенди айылдык аймагынын 2016- жылдагы жергиликтуу бюджетинин чыгаша бөлүгү жалпы 12383,0 сомго, анын ичинен , аппарат үчүн – 6855,2 миң сом, клуб үчүн – 336,7 миң сом, китепкана-666,3 миң сом, мектеп үчүн – 3155,5 миң сом, балдар бакчасы үчүн – 1067,3 миң сом, атайын эсеп үчүн - 302,0 миң сом болуп белгиленсин (тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Н. Акматовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С. Маматовго жүктөлсүн.
Төрага | З. Амирбеков |