Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-апрели № XXXV-1
Ноокат шаарынын вице-мэринин авто-унаасына күйүүчү май үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын вице-мэринин автоунаасына кызматтык ишин жеңилдетүү максатында пайдалангандыктан, күйүүчү майга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселесин карап жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соодо маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын вице-мэринин автоунаасына күйүүчү майга Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111-беренесинен 701-бөлүмдүн 2214-беренесине 33 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соодо маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |