Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-апрели № XXXV-2
Ноокат шаарынын аймагындагы С. Алимбаев атындагы көчөсүнүн № 40-көп батирлүү үйүнөн агып чыккан пайнап сууну чоң арыкка кошуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы С. Алимбаев атындагы көчөсүнүн № 40-көп батирлүү үйүнөн агып чыккан пайнап сууну чон арыкка кошуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соодо маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы С. Алимбаев атындагы көчөсүнүн № 40-көп батирлүү үйүнөн агып чыккан пайнап сууну чон арыкка кошууга түтүк (труба) орнотуу үчүн 86 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 3111-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соодо маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Гафаров |