НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXV сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 8-апрели № XXXV-3
Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүнө коопсуздук чараларын көрүү максатында 25 даана жол белгилерин жасатып, орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүнө коопсуздук чараларын көрүү максатында 25 даана жол белгилерин жасатып орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соодо маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүнө коопсуздук чараларын көрүү максатында 25 даана жол белгилерин жасатып, орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111-беренесинен 706-бөлүмдүн 3112-беренесине 62 500 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соодо маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Гафаров |