НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXV сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 8-апрели № XXXV-4
Ноокат шаарына караштуу Таштак кварталындагы көп батирлүү үйлөрдүн арасына курулган ажатканаларга мамлекеттик акт алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу Таштак кварталындагы көп батирлүү үйлөрдүн арасына курулган ажатканаларга мамлекеттик акт алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соодо маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарына караштуу Таштак кварталындагы көп батирлүү үйлөрдүн арасына курулган 3 ажатканаларга мамлекеттик акт алуу жана каттоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111-беренесинен 706-бөлүмдүн 2215-беренесине 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соодо маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |