Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-апрели № XXXV-5
Ноокат шаарынын аймагындагы С. Алимбаев атындагы көчөсүнүн № 40-көп батирлүү үйүнүн жанына курулган ажатканага кошумча аткарылган жумуштар үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы С. Алимбаев атындагы көчөсүнүн № 40-көп батирлүү үйүнүн жанына курулган ажатканага кошумча аткарылган жумуштар үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соодо маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн №40-көп батирлүү үйүнүн жанына курулган ажатканага кошумча аткарылган жумуштар үчүн 165 000 (бир жуз алтымыш беш миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 3111-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |