Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-апрели № XXXV-7
Ноокат шаарына караштуу Барын участкасында жайгашкан курулушу бүтпөгөн 48-батирлүү көп кабатуу үйдүн менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу Барын участкасында жайгашкан курулушу бүтпөгөн 48-батирлүү көп кабатуу үйдүн менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэринин жана Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунуштарынын негизинде “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 19-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясы тарабынан сунушталган Ноокат шаарына караштуу Барын участкасында жайгашкан курулушу бүтпөгөн 48-батирлүү көп кабатуу үйдүн менчиктештирүү программасы бекитилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн менчиктештирүү программасы алкагында иш алып баруу Ноокат шаарынын мэри О.Ж. Тургунбаевке тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |