Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-апрели № XXXV-8
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталынын тургуну Исаков Махамаджон Холматовичтин жашап жаткан үйүнүн оңдоо үчүн колдоо көрсөтүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталынын тургуну Исаков Махамаджон Холматовичтин жашап жаткан үйүнүн оңдоо үчүн колдоо көрсөтүү жөнүндө жазган арызын жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталынын тургуну Исаков Махамаджон Холматовичтин жашап жаткан үйүнүн оңдоого колдоо көрсөтүү үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111-беренесинен 710-бөлүмдүн 2721-беренесине 30 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |