Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 3
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин болжолдуу планын белгилоо жөнүндөгу айыл окмоттун финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Кочкорованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу планы 3629,7 миң сом суммасында белгиленсин .
2. Айыл өкмөттүн анын ичинен юридикалык жактан алынуучу жер салыгы 82,4 миң сомго;
3. Жеке физикалык жактан алынуучу жер салыгы 125,0 миң сомго;
4. Транспорт ээлеринен алынуучу салыгы 339,3 миң сомго;
5. Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн салыгы 28,7 миң сомго;
6. Айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен ижара акысы 380,6 миң сомго;
7. Салык жана салык эмес жыйымдарынан түшүүчү жыйым 2683,0 миң сом суммасында бекитилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн финансы жана экономика болумунун башчысы Р. Кочкоровага жүктөлсүн.
Төрага | М. Жалалов |