Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 5
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга таштанды таштоочу жайларды куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга таштанды таштоочу жайларына жер аянтын бөлүп берүү жана жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу боюнча Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чон-Кара айылына 0,30 га, Зарташ айылына 0,20 га, Ак-Турпак айылына 0,25 га, Ак-Оток айылына 0,20 га, Чон-Талаа айылына 0,30 га жайыт жер аянтын бир категориядан башка категорияга которууга (трансформациялоого) жана жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Керектүү документти даярдап берүү жагы Баткен райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковго тапшырылсын.
Төрага | М. Жалалов |