Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 6
Баткен согушунун ардагерлерине жеңилдиктерди кароо жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн депутаттар угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баткен коогаланынын катышуучуларынын эскерүү кечесине 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Жалалов |