Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 7
Ак-Турпак айылына бала бакча куруу үчүн акча каражат болуп берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылына бала бакча куруу үчүн долбоорун улуштук (демберүүчү) грантка сунуштоо боюнча, Ак-Турпак айылынын жашоочуларынын чогулушунун № 1 протоколунун негизинде депутаттар угуп, талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылына бала бакча куруу үчүн оздук салым катары 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 491241 (төрт жүз токсон бир мин эки жүз кырк бир) сом акча каражаты бекитилип берилсин.
2. Бекитилип берилген 491241 (төрт жүз токсон бир миң эки жүз кырк бир) сом акча каражатын мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы ФЭБ башчы Р. Кочкоровага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Жалалов |