Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 8
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагында спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салуу жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндө элдердин КРнын Президенти А.Ш. Атамбаевге жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин торагасы А.Ш. Жээнбековго жазган кайрылуусу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 28-апрелиндеги № 01-22/546 катынын негизинде депутаттарга талкууга коюлуп жана депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын жана жер жерлерде тушундуруу иштери жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковго тапщырылсын.
Төрага | М. Жалалов |