Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-июлу № 3
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Кожешкен жайлоосундагы «Жылуу-Суу» участкасына «Хао Май» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө депутаттар арасында кенири талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл окмотуно караштуу «Жылуу-Суу» участкасына «Хао Май» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилбесин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковго тапшырылсын.
Төрага | М. Жалалов |