Редакцияот 22.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кенешинин IV чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

 

2016-жылдын 22-июлу № 14

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынастатистикалык маалыматтар-ды топтоо тууралуу айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» келишимди бекитүү жөнүндө

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринде 12.07.2016-ж. болгон кенешменин протоколдук тапшырмасынын негизинде Самаркандек айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалыматтарды топтоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» Баткен райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жана Самаркандекайыл өкмөтү ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Самаркандекайыл өкмөтүнүн орун басары Г. Кошматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Насыров