ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын XХI сессиясы
2016-жылдын 5-апрели № 125
Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл өкмөтүнун уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында жана Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, Жаңы-Жер айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
Мамлекеттик тилде: Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл өкмөту-мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение – Айыл өкмөт Жаңы-Жерский айылного аймака.
2. Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн-мекемесинин иштелип чыккан Жобосу бекитилсин.
3. Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн –мекемесинин башчысы Саатбек Эгембердиевге жүктөлсүн.
4. Юридикалык дареги: Баткен облусу, Лейлек району, Жаңы-Жер айыл аймагы, Центральное айылы, Х.Авляев көчөсү.
5. Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл өкмөтүнун-мекемесинин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкөмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиевге жүктөлсүн.
6. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелуу мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | К. Баянов |