Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-апрели№ 126
Жаңы-Жер айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26- беренесинин 1-1 пунктуна ылайык Жаңы-Жер айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Жер айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Лейлек райондук Ата-Журт коомдук саясий гезитине жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С. Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Джаликов |