Загрузка документа…
А. АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 4
Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Аччы айылына демөөрчүлөр тарабынан курулуп жаткан ФАПка жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
А. Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Аччы айылындагы башталгыч мектептин имаратынын аянтындагы 39,05га жер тилкесинин ичинен 0,05 га жер тилкеси, Аччы айылына ФАП куруу үчүн жер ажыратылсын.
2. Айыл өкмөтү тийиштүү болгон документтерди тактасын жана даярдасын.
3. Токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Октамовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Абдуллаев |