Загрузка документа…
А. АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 5
Араван райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы капитан М.Абаевдин сураныч катын карап чыгуу жөнүндө
А. Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы капитан М. Абаевдин сураныч каты канааттандырылсын.
2. Араван райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн 90-жылдыгына байланыштуу, материалдык техникалык жабдууларын жаӊылоого жана оӊдоого А. Анаров айыл өкмөтү тарабынан 20 миӊ сом акча каражаты берилүүсү, айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнын башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Абдуллаев |