Загрузка документа…
А. АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 9
Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу «Чарбак» санатория-профилакториясынын директору Караева М.Энин арызын карап чыгуу жөнүндө
А. Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу «Чарбак» санатория-профилакториясы жана балдардын ден соолугун чыӊдоо борбору, Араван райсоветинин исполкомунун 1977-жылдын 18-мартындагы № 86 чечиминин жана Кыргыз Республикасынын Агроөнөржай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун № 34 токтомунун негизинде, Чарбак санаториясына таандык болгон 7,23 га жана балдардын ден соолугун чыӊдоо борборуна таандык болгон 10,21 га жер тилкеси мамлекеттик акт алынуусу айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына А.Октамовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Абдуллаев |