Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-июлу № 7
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн КБФнын жерлерин арендага берилиши жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Тайлановдун билдируусун угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 29-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн КБФнын жерлерин арендага берүүдө жана аренда төлөмдөрдүн жыйналышында аткарылган иштер көңүлгө алынсын.
2. Аренда жерлердин мөөнөтү бүткөн карталарды берүүдө жакыр үй-бүлөлөргө берүү жагы каралсын.
3. Арендаторлор менен түзүлгөн келишимдерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы жер адиси С. Тайлановго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Тайлановго тапшырылсын.
Төрайым | А. Абдрахманов |