Редакцияот 21.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 30 - сессиясы

 

2016-жылдын 21-июлу № 19

Кара-Булак айыл өкмөтүнө 1 штат бирдигин киргизүү жөнүндө

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу жана Баткен райондук статистика бөлүмү менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 30 – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнө келишимдин негизинде 1 стат-экономист штат бирдиги киргизилип бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлумунун башчысы З. Эргешовага тапшырылсын.

 

төрайым

А. Абдырахманова