Редакцияот 22.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын отуз биринчи сессиясы

 

2016-жылдын 22-январы № 31-2

Көчөлөргө ат коюу тууралуу

Алашан айылындагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү, Алашан айылынын жашоочуларынын 2015-жылдын 10-декабрындагы өткөргөн элдик жыйынынын № 1-протоколун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алына башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алашан айылынын жашоочуларынын 2015-жылдын 10-декабрындагы элдик жыйынынын № 1-протоколу колдоого алынсын.

2. Алашан айылындагы көчөгө, элге эмгеги сиңген Жолдошев Түмөндүн атын коюуга макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Туманов