Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 16 февралындагы № 1 чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 4- бөлүмүнүн 27-статьясынын 4-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2016-жылдын 1-январына карата 2015-жылдан калган 3 218 321 (үч млн. эки жүз он сегиз миң үч жүз жыйырма бир) сом калдыкты,мыйзам чегинде максаттуу пайдалануу,айыл өкмөтүнүн бүткөрүлүүчү иштерине берген билдирүүсүнө негиз акча каражатын жумшоого макулдук берилсин.
2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларга коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Салиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |