Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 32-6
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдарга карата стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдарга карата стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү өткөрүлгөн коомдук угууларда айтылган ой-пикир сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагында өткөрүлгөн 2016-жылдын 20-февралындагы коомдук угуунун № 1-протоколу колдоого алынып, жактырылсын
2. Көк-Жар апйыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдын жылдарга карата стратегиялык планы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен кошо бекитилсин.
3. Ушул кабыл алынган пландарга ылайык иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |