Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-январы № 26/1
Урматтуу депутаттар, ошондуктан Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Чөгөм айылынын Чүңүр участкасындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер аянтынан башталгыч мектептин курулушу үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу алыскы, бийик тоолуу Чөгөм айылынын Чүңүр участкасынын тургундарынын арыз даттануусу боюнча,Чүңүр участкасындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер аянтынан башталгыч (карлик) мектептин курулушу үчүн тийиштүү жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү «Чөгөм» орто мектебинин директору А. Суксуралиевдин сунушун карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу алыскы бийик тоолуу Чөгөм айылынын Чүңүр участкасындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер аянтынан (карлик) мектептин курулушу үчүн тийиштүү жер аянты мыйзам чегинде ажыратып берилсин.
2. Тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер, агрардык жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адис А.Шерматовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |