Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-январы № 26/02
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына(жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусуна ылайык Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Керме-Тоо айылдык кенеши «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга,саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусуна ылайык Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдору бекитилсин.
2. Чогулуштарда көрсөтүлгөн талапкерлерди Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Төрага | А. Тажибаев |