Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-январы № 26/03
Керме-Тоо айылдык кеңешинин жайыт Комитетинин 2015- жылда аткарган иштери жана 2016- жылдагы бюджеттинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңештин депутаттары Керме-Тоо айылдык кеңешинин ЖПБнын төрагасы Ж.Тагаевдин 2015-жылда аткарган иштери жөнүндөгү баяндаманы угуп жана жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджеттинин долбоорун карап жогорудагы маселелерди угуп,кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖПБнын төрагасы Ж.Тагаевдин 2015- жылда аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. 2016-жылда жайыт комитетине түшө турган акчаларды толук өндүрүп алуу жагы ЖПБнын төрагасы Ж.Тагаевге милдеттендирилсин.
3. 2016-жыл үчүн ар бир малга 150 сомдон кой эчкиге 30 сомдон жайыт акы белгиленсин.
4.Чөп чабык жерлердин салыгы үчүн 1 сотых жерге 10 сом, ал эми бак жана жакынкы жана алыскы жайыт жерлериндеги тосуп алган жайыттар үчүн сотигине 30 сомдон белгиленсин.Ошондой эле жайыт комитетине караган, айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине төгүү
5.Жайыт комитетине караган жерлерге өз алдынча мыйзамсыз картошка эккендер 1 сотых үчүн 10 000 сом өлчөмүндө салык төлөө жагы белгиленсин.
6.Балыкчылык боюнча метр квадратына 1.5 сомдон белгиленсин.
7.Жайлоого чыккан малчылардан бир сезонго отун алып пайдалангандыгы үчүн 600 сомдон төлөө жагы белгиленсин,
8. Араван цемент заводу жайыт комитетини социалдык инфраструктурасына материалдык жана техникалык жактан жардам берүү жагы белгиленсин.
9. Кекилик-Учар тоосуну этегине курулуп жаткан жаңы цемент заводу 1 жылда техникалык материалдык жардам катары жайыт комитетине жолду оңдоо түзөөгө 200 миң сомдук жардам «Синьжи- Пирим» ЖЧК тарабынан курулуп жаткан цемент заводу келтирген (упущенный) чыгымдарды төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
10. Жайыт комитетинин төрагасынын жеке автомашинасы кызматтык автомашина катары пайдаланылсын, күйүүчү май оңдоп түзө иштерине кеткен чыгымдар жыйыт комитетинин бюджетинен каралсын.
11.Жайыт комитетинин 4175 га жайытка жарактуу жерине 12,70 сомдон салык белгиленсин.
12.АРИС агенттиги жана жайыт комитети менен биргеликте курулуучу обьектилерди бүтүрүп айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жагы түзүлгөн комиссиянын курамы менен ЖПБнын төрагасы Ж.Тагаевге жүктөлсүн.
13. Жайлоого айдалуучу малдарга ветеринардык эмдөөлөр, вакцинациялар толук жүргүзүлгөндөн кийин жана жайыт комитетине 50% акчасын төлөгөндөн кийин гана жайыт билети берилсин.
14.Жакынкы жыйыттарга 21- апрелден баштап жайытка чыгарылсын, ал эми алыскы жайыттарга 15-майдан баштап чыгарылсын.Жайлоодон кайтуу 21-сентябрь айынан баштап жүргүзүлсүн. Кыйыр салыктары жана жазана (штраф) жайыттарга келтирилген чыгымдардын төлөмдөрү жайыт комитетинин жол жана инфраструктурасын оңдоого жумшалсын.
15. Малдарга ветеринардык вакцинациялык эмдөөлөрдүн кызмат акысынын баасы 1 баш малга 35 сом, койго 15 сомдон кылып бекитилсин.
16.Жайыт комитетинин кыйыр салыктары эске алынып,жайыт комитетинин бюджети 380 127,1 (үч жүз сексен миң бир жүз жыйырма жети сом ) сом болуп белгиленсин.
17.Кичик-Алай айылындагы Караган-Сай участкасындагы жайыт комитетине тийиштүү жерге 1 кв. м. 37 сомдон төлөө белгиленсин.
-Эко.инспекция менен документтештүрүү жагы көмүр казган компанияга жүктөлсүн.
18.Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жана айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Тагаевке жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |
Жооптуу катчысы: | А. Шамуратов |