Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 27/02
Гүлбаар айылындагы № 112 кесиптик-техникалык окуу лицейдин филиалынын имаратынын капиталдык оңдоп түзөө иштери үчүн түзүлгөн сметасына айыл өкмөтүнүн бюджетинен тийиштүү акчалай каражат бөлүп берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча № 112 кесиптик-техникалык лицейдин филиалынын имаратынын капиталдык оңдоп түзөө иштери үчүн түзүлгөн сметасына айыл өкмөтүнүн бюджетинен тийиштүү акчалай каражат ажыратып берүү боюнча № 112 кесиптик-техникалык окуу лицейдин филиалынын башчысы А. Тиллебаевдин сунушун карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча № 112 кесиптик-техникалык окуу лицейдин филиалынын имаратынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери үчүн түзүлгөн сметасына айыл өкмөтүнүн бюджетинен тийиштүү акчалай каражат ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысы А. Рысбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |