Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 27/09
Гүлбаар айылынын борбордук көчөлөрүн жарыктандырууга 100 миң сом акча каражаты мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги.Гүлбаар айылынын борбордук көчөлөрүн жарыктандырууга 100 миң сом акча каражаты мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылынын борбордук көчөлөрүн жарыктандырууга 100 миң сом акча каражаты мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдук аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ал эми аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Рысбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |