Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 27/10
Гүлбаар айылынын борбордук көчөлөрүн Гүлбаар айылынын борбордук көчөлөрүнүн тратуарларын оңдоп түзөө иштерине 20 миң сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги Гүлбаар айылынын борбордук көчөлөрүн тратуарларын оңдоп түзөө иштерине 20 миң сом акча каражатын мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылынын борбордук көчөлөрүнүн тратуарларын оңдоп түзөө иштерине 20 миң сом акча каражаты мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдук аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ал эми аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысы А.Рысбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |