Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 27/12
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин материалдык техникалык базасын чыңдоого 400 миң сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары,күн тартибиндеги Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 400 миң сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин материалдык техникалык базасын чыңдоого 400 миң сом акча каражатын мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдук аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ал эми аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысы А.Рысбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |