Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 27/14
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол,Пахта-Арал,Соколок,Чөгөм айылдарына демөөрчүлөр тарабынан алынган 5 ТПларга тийиштүү болгон документтерди даярдоо жана орнотуу үчүн 200 миң сом акчалай каражат мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол,Пахта-Арал,Соколок,Чөгөм айылдарына демөөрчүлөр тарабынан алынган 5 ТПларга тийиштүү болгон документтерди даярдоо жана орнотуу үчүн 200 миң сом акчалай каражат айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол,Пахта-Арал,Соколок,Чөгөм айылдарына демөөрчүлөр тарабынан алынган 5 ТПларга тийиштүү болгон документтерди даярдоо жана орнотуу үчүн 200 миң сом акчалай каражат мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.
2.Бул токтомдук аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ал эми аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө (А.Рысбаева) жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |