Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 27/15
Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин жарнамалык тактайын (щит) орнотуу үчүн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин жарнамалык тактайын (щит) орнотуу үчүн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин жарнамалык тактайын (щит) орнотуу үчүн тийиштүү акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.
2.Бул токтомдук аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына, ал эми аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысы (А.Рысбаева) жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |