Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 27/18
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы чарбалар аралык, ортолук ички жолдорду анын ичинде Кичик-Алай,Чөгөм айылдарынын ички жолдорун оңдоп шагыл төгүү үчүн жалпысынан 250 миң сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы чарбалар аралык, ортолук ички жолдорду анын ичинде Кичик-Алай,Чөгөм айылдарынын ички жолдорун оңдоп шагыл төгүү үчүн жалпысынан 250 миң сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы чарбалар аралык, ортолук ички жолдорду анын ичинде Кичик-Алай,Чөгөм айылдарынын ички жолдорун оңдоп, шагыл төгүү үчүн жалпысынан 250 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.
2.Бул токтомдук аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ал эми аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысы (А.Рысбаева) жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |