Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 27/19
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын тургуну Исаков Тургунбайдын арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын тургуну Исаков Тургунбайдын арызы боюнча Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-январындагы № 2 токтомунун негизинде Араван райПОнан сатып алган эски магазинди жер аянты менен кошо жеке менчигине бекитилип берилген Араван райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө менчик укугун каттоо башкармалыгынан тарабынан 2004-жылы 13-февралында № 3094 номери менен катталып кызыл китеби берилген, ошол жерге менчик үй салуу үчүн кайра пландаштыруу максатында Керме-Тоо айылдык кеңешинин отурумунда карап берүүнү суранган арызын карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын тургуну Исаков Тургунбайдын арызы канаатандырылсын.
2.Эски магазин менен кошо жеке менчигине бекитилип берилген жер аянтына жеке менчик турак жай куруу үчүн кайра пландаштыруу боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча башкы адис А.Шерматовго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |