Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 27/ 22
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын тургуну Худайбердиева Дилфуза Мадаминовнанын арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын тургуну Худайбердиева Дилфуза Мадаминовнанын өзүнүн жеке менчик тегирменин 1200 м.кв. жер аянты менен менчик үй салуу үчүн кайра пландаштыруу максатында Керме-Тоо айылдык кеңешинин отурумунда карап берүүнү суранган арызын карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын Жаңы-Жол участкасынын тургуну Худайбердиева Дилфуза Мадаминовнанын арызы канаатандырылсын.
2. Өзүнүн жеке менчик тегирменин 1200 м. кв. жер аянты менен менчик үй салуу үчүн кайра пландаштыруу боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер, агрардык жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адис А.Шерматовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |